7:40 Феликс Кулов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр

Бул тууралуу «Ар-намыс» партиясы тараткан кечээки билдирүүдө айтылып, бардык суроолорду электрондук дарек боюнча жиберүү суралган. Анда учурда Москвада кыска эс алуудан кийин бир катар жолугушууларды өткөрүп жүргөн мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Кыргызстанга келээри менен бул суроолорго жооп берээри айтылган. Партия лидерлеринин бири Эмил Алиев Феликс Кулов журналисттер үчүн кеңири маалымат жыйын өткөрүүнү болжоп жатканын, ал эмки жумада болушу ыктымалдыгын кечээ кечинде «Азаттыкка» билдирди.(SM)