15:38 Өкмөт түзүмү кечинде комитетте каралып, эртең добушка коюлат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Искак Масалиев билдирди. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун оош-кыйыштарын бүгүн депутаттар биротоло талкуулап бүтүп, эртең парламентте добушка коюлат. Өкмөт түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоору жалпы сессиянын талкуусуна бүгүн эртең менен чыгарылган. Депутаттар түштөн бери жарыш сөзгө чыгып жатышат.(BuS)