12:40 Кеминдик жаштар баңгиликке, аракечтиккке жана тамеки тартууга каршы

Ушундай ураан менен 7-февралда Кемин шаарында тегерек стол өтөт. Анда аймактагы аракечтик, баңгилик жана жаштар арасында тамеки тартууну азайтуу маселелери каралат. Жыйын Кемин райондук жаштар комитети менен Либерал-прогрессивдүү партиясынын жаш мүчөлөрү тарабынан өткөрүлөт жана ага жергиликтүү өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар, мектеп окуучулары катышат. (EBM)