Муса Кала кыштагынын тургундарынын айтымында бомба Гафур молдонун машинесине түшкөн. Муса Калада жүргүзүлгөн аскерий операция ооган өкмөтү менен макулдашылгандыгын НАТОнун маалымат катчысы полковник Том Коллинз билдирди. 1-февралда Гафур молдо жетектеген талиб жоокерлери Муса Каланы басып алышкан эле.