ОРУСИЯНЫН СИБИРИНЕ КЫЗГЫЛТ-САРЫ КАР ТҮШТҮ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кеткен шаршемби жана бейшемби күндөрү Орусиянын Томск, Омск ошондой эле Тюмен областарында сары, а кай бир жерлеринде кызгылт кар жаады. Андай таң каларлык түстөгү кар узундугу 1,5 миң чарчы километр келген узун тилкеге жааган. Ал жерде жашагандар андай кардан бүксүгөн жыт келип, колго алса майланып колго жугуп каларын айтышкан. Өлкөнүн жеринде болгон мындай табыяттык көрүнүштү эксперттердин бири Казакстандын талааларынын учкан чаң боеп салган десе, экинчи бирлери анын металл өндүрүүчү ишканалардан каптаган түтүн-чаңы боеп салган деген. Сары карда радиоактивдүү элемент бар болушу мүмкүн деген да ой айтылган.
Сары кардын кайдан келгенин жана анын касиетин талдоого алууда Орусиялык табыятты көзөмөлдөө министрлиги менен чукулку кырдалдар министрлиги ар башка жыйынтык айтышкан. МЧС адистери чыгарган жыйынтыкта дүйнөдө ава ырайынын өзгөрүп баратышына байланыштуу Казакстандын талааларынан демейде жазында уччу чаң быйыл кышта учуп, ал Сибирге жааган карга аралашып түшкөн деп айтылат.

Табыят министрлиги чыгарган бүтүмдө карды саргарткан зат химиялык касиетке ээ деген. Новосибирдеги лабораторияда текшерилген сары кардын жердигинде «кычкыл кошулма» бар экенин тактаган. Андан тышкары карда фенол, этанол жана нитрат-иондор кошулмаларын да табышкан. Бирок эки уюм тең сары кар менен кошо адамга коркунуч алып келүүчү радиоактивдүү заттар жаабаганын белгилешкен.

«Томск облусуна түшкөн сырдуу кардын арасында мунайзат жана химиялык өндүрүштүн таасири бар экенин эстен чыгарып коюуга болбойт», - дейт Орусиянын «Гринпис» жетекчилеринин бири Иван Блоков.

Ал эми Түмөн облустук Чукулку кырдалдар башкармасынын өкүлү Елена Третьяченко айыпты металл өндүрүүчү өнөр жай тармагына таккансыды:
«Темирдин кошулмасы (текшерилген карда – ММ) демейдегиден төрт эсеге көптүк кылат. Алдын ала айта келгенде карга металл өндүрүү тармактын продуктылары кошулган», - дейт ал.

Эксперттер сары кардан адамга зыян жок дешкени менен ошол эле учурда малыңарды короодон чыгарбагыла, карды эритип суу катары пайдаланбагыла, колу бетиңерди ал суу менен жуубагыла деп да эскертишүүдө.

Кайсы бир көзкарандысыз экологдор болсо Сибирге түшкөн сары кардын элдин ден соолугуна зыян келтирерин айтышат.

«Буга окшогон (белгисиз заттын – ММ) таркашынан залал көптөгөн жылдарга созулат. Мунун, ал тургай, кийинки муундарга дейре зыяны тийип олтурат», - дейт илимпоз Яблоков мырза.

AFP тарткан сүрөт