7:00 Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча маселени кароону улантат

Жаңы курам боюнча долбоор өткөн жумада алгач комитеттерде, андан соң парламент жыйынында каралып, катуу сын пикирлерге кабылган. Премьер-министр Азим Исабеков бейшембиде долбоордун түзөтүлгөн варианты бүгүн Жогорку Кеңешке кайра сунушталаарын айткан. Жума күнү парламентте макулдашуу комиссиясын түзүү демилгеси колдоо таппай, өкмөт түзүмү боюнча маселени кароо бүгүнкүгө калтырылган.(SM)