13:15 Эл аралык “Фридом Хауз” уюму Кыргызстанды “жарым жартылай эркин өлкө” деп тапты

Уюмдун 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган баяндамасында Кыргызстанда саясий жана атуулдук эркиндиктин көрсөткүчтөрү начарлаганы белгиленди. Дүйнө өлкөлөрү “эркин”, “жарым жартылай эркин” жана “эркин эмес” деп үч категорияга бөлүнгөн 192 өлкөнүн тизмеси жарыланды. Анда “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына Куба, Кытай, Түндүк Корея, Түркмөнстан жана θзбекстан кирди. Ал эми “эркин” өлкөлөрдүн тизмесине КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Украина кирди.