Куш тумоосунун вирусу табылганынан улам Украина Орусиянын Краснодар крайынан тоок этин сатып алууну токтотту

Үй кушунун эти, жумурткасы вирус жоголмоюн сатылып алынбайт деп билдирди Украинанын Айыл-чарба министрлиги. Өткөн жумада Венгрияда дагы куш тумоосунун H5N1 вирусу табылганынан улам бакма канаттуулардын этин сатып алуу токтотулган эле.