Милиция кызматкерлери Өзгөн шаарында Түркстан ислам кыймылынын мүчөсү Атабек Абдымомуновду 1-февралда кармашкан. Анын үйүнөн мылтык, ок жана диний багыттагы китептер, кассета, компакт дискалар алынды. Бул атуулга Өзбестандын тартип коргоо органдары конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү аракети үчүн издөө салган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. (AiT)