8:47 «Жаңы Кыргызстан» партиясы 8-курултайын өткөрөт

Эртең Бишкекте өтчү партиянын республикалык курултайында төрага отчетун угуу, борбордук кеңештин мүчөлөрүн бекитүү, партиянын уставына өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү сыяктуу маселелер каралат. Ага өлкө аймагынан шайланган 220 делегат катышаары күтүлүүдө. Учурда партиянын жүз миңден ашуун мүчөсү бар. (SM)