Февраль айынын күн тартибин парламент кечээ бекиткен. Депутаттар бул күндөрү өкмөттүн жаңы курамын кароону болжолдогон. Бирок премьер-министр Азим Исабеков кечээ депутаттардын долбоорго карата сын пикирлеринен улам аны кайра чакыртып алган. Өкмөт башчы эми долбоордун түзөтүлгөн вариантын парламентке кийинки дүйшөмбүдө сунуштаары күтүлүүдө.(SM)