16:11 Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн структурасы боюнча өз пикирлерин, сунуштарын айтууда

Депутат Алишер Сабиров дин боюнча агенттикти маданият министрлигине, жаштар жана дене тарбия, спорт боюнча агенттиктерди кошууну, бардык агенттиктердин өкмөттүн алдында болушун сунуштады.Депутат Райымбек Мамыров салык жана бажы инспекцияларынын мамлекеттик комитетке айлантылышына каршы чыгып, аларды киреше комитетине бириктирип, каржы министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштады. Талкуу уланууда. (AiT)