ООГАНСТАН ООГАНДАР ҮЧҮН

Ооганстандын түштүгүндө кызмат өтөп жаткан НАТО күчтөрү талибан согушкерлеринин жазында боло турган чабуулдарынын алдын алууга аракеттенип жатышат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, НАТО аскерлери оозунуп сокку уруп, талиб согушкерлеринин чабуул койуу жөндөмүн чабалдатмакчы.
Ооганстандагы абалды турукташтыруу боюнча НАТО баштаган эл аралык күчтөр өткөн жылдын сентябрь- декабрь айларында Хельманд жана Кандагар провинцияларындагы талибдерге оозунуп сокку уруу менен алардын ири чабуул жасоо дараметин бир топ басаңдатышты. НАТОнун маалыматына караганда, анда бир жарым миңдей талиб согушкер жок кылынды. Бирок абал дагы эле татаал бойдон кала берүүдө.

-Биз аларды кыш бою басып турганга жетиштик, талибдердин арасында баш аламандыктар орун алып жаткандыгы кабарланууда.Талибдердин чабуул койуу жөндөмү жазга чейин канчалык калыбына келерин айтуу кыйын. Анткени, алардын катарында көтөрүлүш болуп жатканы жөнүндө да кеп болууда. Бирок мен буга анчейин ишене бербейм,- деди НАТО аскерлериндеги британ командирлердин бири полковник Аян Хантли.

Хантли Ооганстанда толугу менен тынчтык өкүм сүрөт деп айтуу кыйын экенин белгилеп, өлкөнүн кара жолдору менен каттагандарга кол салуу басылбай жатканын кошумчалады. Талибан топторун жок кылуу максаты менен НАТО баштаган эл аралык күчтөр Хельманд провинциясында бир канча жаңы базаларын ачып, андан сырткары талибан топторун издеп таап, жок кылуучу көмчө аскердик бөлүктөрдү түзгөн.

Командирлердин айтымында, талибанга каны-жаны менен берилген адамдар аз эле. Талибандын катарында согушуп жаткан жергиликтүү жарандар ан үчүн акы алышат, айрымдары болсо жеңүүчүлөрдүн тарабына өтүп кетүүгө даяр. Ошон үчүн региондо чарбаны калыбына келтирүүнү ыкчамдатып, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу абзел.

Командирлердин көбү НАТО аскерлери талибдердин кол салууларына жооп берүү менен гана чектелбестен, аларга агрессивдүү чабуул жасаганы оң деп эсептешет. Бирок НАТО чабуулдардан көрө жергиликтүү уруу башчыларын өз тарабына тартып, калктын ишенимине кирүүнү туура көрөт.

Британ эскадронунун командирлеринин бири Кевин Паркер муну мындайча түшүндүрөт:

-Талибандар менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул жердин жоопкерчилигин биз мойнубузга алабыз, бул жерди биз көзөмөлдөйбүз, бул аймакты өзүбүз башкарабыз деп айтуучу дал ошол аксакалдар менен уруу башчылары. Биз Ооганстандан качандыр бир кезде чыгып кетебиз. Ооганстан оогандар үчүн. Ошондуктан мындай тактиканы буга алдын ала даярдык катары баалоо керек ,-деди Паркер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага