Кечээ Жогорку Кеңештин комитет төрагалары премьер- министр Азим Исабековдун катышуусунда кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө байланышкан маселени талкуулашты. Премьер-министр парламенттин сунушунун негизинде бүгүн (бейшембиде) парламентке структуранын долбоорун сунуштоону убада кылды.
Өкмөт башчы сунуш кылып жаткан өкмөттүн жаңы түзүмү мурдагыдан түп-тамырынан бери айырмаланары тууралуу маалымат жок. Ошондой эле министрликтердин, комитеттердин саны, багыттары да тактала элек. Тиешелүү тараптардын билдиргендерине караганда, бул маселелер ушул аптанын этегине чейин аныкталып, өкмөт түзүмүнө байланышкан маселеге чекит коюлчудай.
Комитет төрагалары менен жолугушуудан кийин жаңы премьер-министр Азим Исабековдун билдиргенине караганда, тараптар ортосунда принципиалдуу талаш-тартыш байкалбайт:
- Депутаттар бүгүн биртоп өздөрүнүн сунуштарын берди. Ошол сунуштар жагып атат. Эми Жогорку Кеңеш дагы ошол элдин турмушу оңолсо экен, бийлик жакшы иштеп берсе деген ниеттерин айтып атышат. Мен аны колдойм. Бир топ сунуштарды айтып атышат. Менин көз карашым түз.
Жолугушууда депутаттар материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фондду, антимонополиялык комитетти, токой чарбачылыгын өкмөттүн карамагына берүү, өнөр жай министрлигинин ордуна экономика жана өнөр жай министрлигин түзүү, экология жана токой чарба агенттигинин ордуна экологияны коргоо боюнча агенттик түзүү, балдарды коргоо боюнча атайын орган түзүү, мамлекеттик кызматкерлердиин санын кыскартуу өңдүү сунуштарды айтышты.
Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун билдиргенине караганда, өкмөттүн түзүмүнө байланыштуу талкуулап, таразалап чече турган дагы көп маселелер алдыда турат. Маселен, парламент мурдагы Конституциянын негизинде президенттин карамагында болуп келген кирешелүү тармактар жаңы түзүмдө кайсы министрликтердин карамагына берилгендигин да тактоого кызыкдар болуп жатат:
- «Кыргызалтын» кайда кетти, «Манас» аэропорту, темир жол тармагы, «Кыргызалко» өңдүү мекемелер абдан көп. Ошолор кимде болот? Биз азыр өкмөттүн алдында эмнелер болот деп, андан кийин министрликтердин карамагындагыларды карашыбыз керек. Себеби, бюджетти бекиткенде улам тияк-биякка чойбой так болушубуз керек.
Кубанычбек Исабековдун билдиргенине караганда, жолугушууда өкмөт башчы депутаттардын сунуштарын президент менен акылдашып туруп, жаңы түзүмдү комитетке эртең сунуштоону убада кылды. Анын негизинде парламент күн тартибине маселени талкуулоо үчүн кезексиз киргизмекчи. Бирок, ал жаңы дайындалган премьер-министр парламентке ант бергенден кийин гана ишке ашышы керек. Ант берүү иш чарасы жума күнгө болжолдонууда. Ага чейин премьер-министр сунуштаган өкмөт түзүмүн депутаттар комитетте караганы турушат.