Украинанын Тышкы иштер министри Борис Тарасюк кызматынан кетти

Президент Виктор Ющенко анын арызын кабыл алганын Тарасюк Киевде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Ющенко тарабынан дайындалган Батышчыл Борис Тарасюк орусиячыл премьер-министр Виктор Янукович менен тил табыша албай келген. Өткөн айда парламент Тарасюкту кызматынан бошоткон, бирок Ющенко аны иш ордунда кармап келген.