Ооганстанга ушул жуманын этегинде Америкадан кошумча аскерлер келет

Бул тууралуу НАТО жетектеген күчтөрдүн өкүлү Том Коллинс билдирди. АКШнын 82-чи аба-десанттык дивизиясы Ооганстандын чыгышында жума күнү боло турган операцияларды жетектейт. Америкалык жети жүз парашютчу Кандагар провинциясына ташталат деп айтты Том Коллинс.