ЭСКИ – ЖАҢЫ ӨКМӨТ

Акыры келип кыргыз парламентинин колу менен Бакиев-Кулов тандемине чекит коюлду окшойт. Анткен менен өкмөттүн ишинде олуттуу дегидей өзгөрүү болуп кетет деп айтыш да кыйын. Эски-жаңы өкмөттүн буга чейин аткарган, мындан кийин ишке ашырчу максат-милдеттери кандай?
Феликс Кулов кызматынан кетишинин чоо-жайын, тандем, эски өкмөттүн эмне иштердин өтөлүнө чыкканы тууралуу кенен-кесир маалымат жыйынын кийинчерээк өткөрө тургандыгын билдирди.

Айрым маалымдоо каражаттарында мурдагы өкмөт башчы тандем шартын сактабаган өнөктөшүнүн «жигиттик сөзгө» турбагандыгына нааразы болгону, сунуш кылынган кызматтардын бир да бирөөнө барбай тургандыгын билдиргендиги кабарланды. Ошентип, Бакиев-Кулов тандеми парламенттин колу менен бузулуп, ушу тапта жаңы өкмөт кандай түзүлөрү, анын курамы кандай болору, андан эмнелерди күтүүгө болот суроосу айкүрүнөн коюлууда.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматовдун ырасташынча, өкмөт башчынын алмашуусунан чоң жаңылык күтүп деле кереги жок. Себеп дегенде, Конституция боюнча бийликтин баары президентке өтүп, өкмөттүн өз алдынчалыгы жоголгону качан.

- Өкмөткө өзүнчө канат-бутак байлап, мына минтип сен өзүңчө иш кыл деген эч ким болгон жок. Конституция президентке өкмөткө түздөн-түз жетекчилик кылууга уруксат берген. Азим Исабеков, башкасы болобу, президент өкмөттүн ишине кийлигишкенге мүмкүнчүлүгү бар,- дейт Б.Ааматов.

Байкоочулардын баамында, өткөн жылдын 8-ноябрында кабыл алынган Башмыйзамда өкмөттүн өз алдынчалыгына дурус дегидей шарт түзүлгөн болчу. А бирок Кыргызстанда боло жүргөндөй, макталган конституциялык реформа эки айга жетпей дагы өзгөрүлүп, соңунда А.Акаев заманындагыдай эле президенттик бийлик утушка ээ болуп чыга келди.

Өкмөттүн өз алдынчалыгын ырастаган Башмыйзам дагы бир жолу саясий кызыкчылыктын садагасына чабылып жатканда Ф.Кулов өз позициясын ачык айтып чыккан жок. Анын себеп-жөнүн Бегиш Ааматов момундай жагдайга байланыштырат.

- Ф.Кулов саясий фигура болгону менен өкмөттү өз алдынча жетектеп, өзүнчө иш кылган да жок, кылгысы да келген жок.

«Алас» гезитинин редактору Түгөлбай Казаковдун ырасташынча, тандем Бакиев-Куловдун жеке кызыкчылыгынан улам жаралган. Анын мыйзамдык күчкө ээ эместигин өңгө билбесе да Феликс Кулов билиши керек эле.

- Ушул тандемдин эч кандай конституциялык, мыйзамдык күчү жок экенин билип эле туруп ошого барган да бул. Сөздүн ачыгын айтыш керек, Ф.Куловго кызмат керек болгон. Саясатчы катары, менимче, Ф.Кулов өзүн көргөзүп бүтүрдү го деп ойлойм, - дейт Т.Казаков.

Бир жарым жыл ашуун иштеген Ф.Куловдун өкмөтү экономикалык кескин өнүгүү болбогону, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө албагандыгы үчүн оппозиция менен парламенттин катуу сынына кабылып келди. Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев Ф.Куловдун өкмөтү андай ачуу сындарга чычалабай, өлкөнү турукташтыруу үчүн болгон аракетин жасады, дейт.

- Мен ойлойм, ушуга, ушул жагдайга көп саясатчылар тиешелүү баа беришкен жок. Бирок убактысы келгенде аны эл да, саясатчылар да баалайт го, деп ойлойм.

Мындан 9 жыл илгери а кездеги президент А.Акаев өкмөт башчылыкка сырдакана аспиранты К.Жумалиевди алып келип, жарым жыл өтүп-өтпөй башка кадр издөөгө мажбур болду эле. Ошого окшош жагдай ушу азыр да кайталанууда, К.Бакиев министрлер кабинетинин башчылыгына А.Исабековду алып келип отургузду.

- Ошондо ал чарбаны оңдоюн, экономиканы көтөрөйүн деп алып келген эмес. К.Жумалиевдин колу менен биртоп программаларды өткөзүп алайын деп алып келгенин ошондо эле айтышкан. Кийин ошондой эле болуп чыкты. Азыр ошону туурап К.Бакиев А.Исабековду алып келди деп айтып жатышат,- дейт Т.Казаков.

Эгемен Кыргызстандын он алты жылдык өнүгүшүндө жаңы тарых ошентип экинчи ирет кайталанууда.