ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫНДЫ?

Бүгүн Жогорку Кеңеш Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Азим Исабековду 57 добуш менен премьер-министр кызматына бекитти. Кыргызстандын саясий айдыңында аз таанымал Азим Исабековдун өкмөт башчысы болушу коомчулуктун түрдүү пикирлерин жаратты.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин жетектеп келген Азим Исабеков коомчулукка анча таанымал эмес инсан. Жаңы шайланган өкмөт башчысы тууралуу өлкө атуулдары түрдүү пикирлерди айтышууда.

Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты :
- Исабеков бул толугу менен 100 пайыз Курманбек Бакиевдин кишиси. Бул ал кишинин алдында иштеп келген дагы, толугу менен ал кишинин сөзүн аткара тургандыгы бизге, бардыгыбызга эле көрүнүп турат.
Ошентсе да жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, айрым саясатчылар Курманбек Бакиев премьер-министрликке өз кишисин алып келгенин айта башташты. Буга Исабековдун Акаев доорунда да Бакиевдин алдында иштеп, аны менен чогуу жүргөндүгү далил катары келтирилүүдө.

Сагын Ырсалиев, Чүй облусунун тургуну:

-Ал техникалык премьер- министрдин милдетин аткарат. Акаевдин доорундагыдай Чүй облусунун бир катар чарбасын кыйраткан бир десант түшүрүлдү.

Дөөтү Карыбаев, Ысыккөл облусунан:

- Мунун мурда аты- жөнүн укчу эмеспиз. Министр катары деле кыйратып иш кылган жок. Өкмөт башчысы деген деле оңой иш эмес. Элдин, дыйкандын тагдырын чечүүгө чамасы жетээр бекен, аны көрө жатабыз.

Абдыжапар Нурдинов, Бишкектин тургуну:

- Азим Исабековдун премьер- министр болушунан Дооронбек Садырбаев айткандай “кыргыздын кылы да кыйшайбайт”. Анын бар - жогу деле билинбейт. Экономикалык жана бардык маселелерди ал чече албайт, баарын президент Бакиев өзү чечет. Ал президенттин көлөкөсү гана болуп берет. Аны президент каалаган убагында кетире алат. Акаев кандай жол менен барса так ошол жол менен баратат.

Фаризат Асанкалый кызы, журналист:

- Бул саясый оюндардын жыйынтыгы. Бул Феликс Куловдон артык өкмөт башчы боло албайт.

- Гүлнара Мукаш кызы:

- Бул киши экономиканы да дурус билет. Кыргызстанды көтөрүп кетет деген үмүт бар.

Жума Абдуллаев,Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциациясынын президенти:

- Азим Исабековду бир- эки жылдан бери билем да. Ал тууралуу оюм түз жана жакшы. Мунун эң артыкчылыгы жаш жигит өзү. Биздин Кыргызстандын экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Ошондуктан Азим ушул маселелерди азыр жакшы түшүнүп калды.

Сагынбек Момбеков- ырчы, публицист:

- Бул жигит мурда орчундуу ката кетире элек. Бирок учурда аны Акаевдин тегерегиндегилер курчап алыптыр. Кудай таала деле бир жолу бак- таалайды, бийликти да, байлыкты да берип, сынап көрөт дейт. Бийликти кантип көтөрө алат анын эркине байланыштуу. Бирок анын эркин президент менен анын кошоматчылары оңой эле сындырып, кол бала кылып алат го.

Баратбай Аракеев, Ысыккөлдүк журналист:

- Мындан көрө Темир Сариев же Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы болсо кыргыз элине пайда алып келмек. Бул жигит эч нерсе чече да албайт. Аты- заты белгисиз министр эле.