АЗИМ ИСАБЕКОВ ДЕПУТАТТАРДЫН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРИП АТАТ

Парламент депутаттары премьер-министрликке Азим Исабековдун талапкерлигин карай баштады. Президент К.Бакиевдин Жогорку Кеңешке сунушун мамлекет башчынын өкүлү Алымбай Султанов окуп берди. Андан соң парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Исхак Масалиев Азим Исабековдун талапкерлиги ал жетектеген комитетте жактырылганын маалымдады. Андан соң курамына 9 депутат кирген эсептөө комиссиясы 52 добуш менен түзүлдү. Депутаттар бул премьерди шайлаганга чейин иш күнүн узарталы деген ниет кылышууда. Парламент ишине 60 депутат катышууда. Азим Исабеков сүйлөп бүткөн соң, депутаттардын суроолоруна жооп бере баштады.
Азим Исабеков бул кызматка сунушталганы үчүн толкунданып турганын билдирди. Ал экономикадагы абалды турукташтырууну көздөй турганын айтты. Өкмөт экономика менен алек болуп, саясий оюндардан оолак болуш керек, өкмөттүн бир гана саясаты боушу керек - ал экономикалык саясат болууга тийиш деди, талапкер.

Азим Исабековго биринчи суроо анын үйбүлөсү тууралуу болду. Талапкер 2 уул, 2 кызы бар экенин, ал эми президент К.Бакиевге өзү жагынан дагы, аялы жагынан дагы эч кандай тууганчылыгы жок экенин билдирди.

А.Исабеков ХИПИК боюнча да пикирин ортого салды. Анын айтымында, өкмөттө карап көргөн соң ал маселени сөзсүз түрдө парламентке алып келип, депутаттар менен кеңешип гана чечмекчи.(КО)