80 ЖАШКА ЧЫККАН №5 МЕКТЕП “ДАҢК” МЕДАЛЫНА АРЗЫДЫ

Кыргыз интеллегенциясынын басымдуу бөлүгүн мектеп уясынын учурган мурдакы №5 мектеп, учурдагы Улуттук компьютердик гимназияга 80 жыл толуп, «Даңк» медалы менен сыйланды. Даңазалуу мектептин учурдагы абалы кандай болду экен.
Балдарды турмушка такшалдырып, даярдоодо мектептин орду чоң экенин эч ким тана албайт. Мектеп жөнүндө айтылган акылман ойлор, далай накыл сөздөр Бишкектеги 80 жылдык мааракесин өткөргөн легендарлуу №5 мектебине, учурдагы улуттук компьютердик гимназияга арналды.

Сексен жылдын аралыгында миңдеген окуучуларды билим уясынан учурган №5 мектепке “Даңк” медалын тапшырып жатып, өлкөнүн Билим, илим жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстандагы эң таланттуу, жөндөмдүү окуучулар окуй турган өзгөчө мектеп - гимназияга айлана турганын белгиледи.

Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары №5 кыргыз мектебин бүтүрүүгөндөрдүн атынан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Апас Жумагулов, Ишенбай Абдразаков, Райкан Алканов жана башкалар окуучулук күндөрүн эскеришип, өлкөгө таанымал окумуштуу, маданият өкүлдөрү ушул мектептен билим алышканын айтышты.

1990- жылы Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен №5 мектеп- гимназия болуп ушулса, 1997- жылы өлкө президентинин указы менен “улуттук компьютердик гимназия” деп аталган. Учурда эки миңден ашуун окуучу билим алууда.

Балдары ушул мектепте билим алып жаткан фамилиясын атагысы келбеген Айдардын айтымында мектептин билим берүү деңгээли мурдакыдан бир кыйла төмөндөп кеткен.

Ата- энелердин мындай дооматтарынын чындыгы бардыгын улуттук компьютердик гимназиянын директору Элнура Музаева да моюнга алып, учур талабын эсек алып кайрадан демилгелүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Учурдагы парламенттин төрагасы Марат Султанов, төраганын орун басары Тайырбек Сарпашев жана депутаттар Темир Сариев менен Рахатбек Ирсалиев да ушул №5 мектептен билим алышкан. Алардын атынан Тайырбек Сарпашев куттуктап, мектебине акыркы үлгүдөгү компьютер тартуулады.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү белгилүү ишкер Райхан Алканов, Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов жана башкалар мектептин техникалык жабдуу, кем-карчы үчүн каражат беришти.