Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн Орусиядагы Саха-Якутия республикасында жаңы дайындалган президент Вячеслав Штыровдун ант берүү аземи өттү. Штыров Якутияны 2002-жылдан бери башкарып келатат. Бирок бул жолу анын талапкердигин якутиялыктар эмес, орус президенти Владимир Путин сунуштаган.
Вячеслав Штыров алгач 2002-жылы Саха-Якутияда өткөн президенттик шайлоодо алдыга озунуп чыгып, республиканы башкара баштады. Ал эми өткөн жылдын этегинде, анын президенттик мөөнөтү аяктаар алдында, ал орус мамлекетинин башчысы В.Путин тарабынан кайрадан экинчи мөөнөткө президенттикке көрсөтүлөт.
Орусияда региондордун жетекчилерин, губернаторлор менен республика президенттерин, ал жерлердин тургундары эмес, орус президенти тандай баштаганына эки жылдай болуп калды. Азырынча бул тартип менен дайындалып жаткан жетекчилердин ичинде жаңылары жокко эсе, анткени көпчүлүгүнүн буга чейинки мөөнөтү кайра узартылып келет.
Өлкөдөгү 21 башка улуттуу республиканын айрымдарында ал утуттан эмес, башка элден чыккан жетекчилер башкарууда. Айрымдардын улуту такыр ачык айтылган эмес. Бирок тигил же бул республикада туруктуу элден чыккандар гана жетекчи катары тандалышы керек деген принцип көбүрөөк Кавказ регионуна тиешелүүдөй. Мисалы, бул жерде Чеченстанда чечен улутундагы Алу Алханов жана Ингушетияда ингуш Мурат Зязиков бар экени белгилүү. Андан сырткары, Татарстанды жакында өзүнүн 70-жылдык юбилейин белгилеген татар улутундагы Минтимер Шаймиев жетектеп келатканы бар.
Ал эми Хакасияда 2001-жылдан бери президенттик кызматта украин улутундагы Алексей Лебедь турат. Мындай мисалдарга Алтай крайын, Чукотканы кошуу болчудай.
Дегинкиси, Орусиядагы майда улуттуу элдер отурукташкан республикаларда президенттикке сөзсүз эле туруктуу элдин адамы көрсөтүлсүн деген эреже жок, болгондо да бул – жабык тема.
Орусиядагы демократия жана федерализм проблемаларын изилдеп келаткан чет-элдик байкоочулардын айтымында, орус мамлекетиндеги майда улуттуу элдер, улуттук республикалар менен Кремлдин алакаларында бул тема ошол республикалардын саясий же экономикалык талаптарына жараша чечилип келатат. Анын үстүнө, республика башчыларын аныктоодо тигил же бул улуттук республикадагы туруктуу элдин саны да маанилүү ролду ойнойт.