18:30 Өткөн жылы жалпы Кыргызстан боюнча 31 миң 392 кылмыш катталган

Бул көрсөткүч 2005-жылга караганда 5,6% аз. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2006-жылы кылмыштуулук Ош, Ысыккөл облустарында жана Ош шаарында көбөйгөн. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин айтуусунда, кылмыштуулуктун өсүшүнө миграция, жумушсуздук жана алкоголдук ичимдиктердин көп пайдаланылуусу себеп болууда.