Жалалабат шаарынын базар четинде соода кылган аялдардын 40 өкүлү 26-январда облустук бийликке арызданып келишти. Алардын айтымында, шаардагы тармактык кызматтар темир жол жээгинде соода кылууга мүмкүндүк бербей жатышат. Ыңгайлуу иш орундары менен камсыз кылуу талабын жергиликтүү бийлик чечпесе, аялдар жөө жүрүш жасап, Акүйгө чейин барышаарын билдиришти. Шаардык бийликтин аппарат башчысы темир жол жээгинде соода кылуу туура эмес экендигин маалымдады.
Жоон топ аялдар шаардагы тармактык кызматтар иштөөгө мүмкүндүк бербей жаткандыгына нааразы болушту. Шаардык бийликтин аялдардын арыз-муңуна кулак салбаганы аларды облбийликке арызданып келүүгө мажбур кылган. Карамат Бекмаматова базар сыртындагы темир жолдун боюндагы иш жайынан башка жакка жылдырбоону талап кылды:
-Поезд жолдун боюн бизге базар кылып берсин деп ушул жерге келдик. Бир жумадан бери мэрге келебиз, маселебиз чечилбейт. Ошондуктан бүгүн бул жерге келдик.
Темир жол жээгиндеги жумушунан айрылгандарга башка базарлардан иш орундары көрсөтүлгөн. Бирок, Рахима Абдуллаеванын айтымында чет жакадагы базарда мээнеттери акталган эмес:
- Жаңы курулган базарга киргиле деди. Ал жака барсак суук, ал жерге турганга абал жок. Поезд жолдун жээгинен бизди жылдырбасын.
Жогорку жана атайын орто маалыматтуу адистигине жараша жумуш табалбаган Бүайша соода жайларын тартипке салуу талабын койду:
- Бир кап алма алсам, 50-100 сом калат өзүмө. Бул акча үйгө тамак-аш алганга да жетпейт. Жер-жемиш баары бир жерде болсун. Жок десе өлүмгө чейин барабыз. Аял кыймылдаса кылым кыймылдайт деп айтат го.
Соодагер аялдар губернатор менен жолугууну талап кылышты. Алар облбийликтин жооптуу кызматкерлеринин имараттын ичине кирип, губернаторду күтүп олтуруу сунушун четке кагып, эки жарым сааттай сыртта турушту. Кызматкерлерден облакимдин жаңы базардын иши менен таанышып жүргөнүн уккандан кийин таркап кетүүгө аргасыз болушту. Аялдар талаптары аткарылбаса, Жанара Мамасалиева билдиргендей, Бишкекке жөө жүрүш жасоого даяр:
- Биздин проблемабыз чечилбей турган болсо, ушинтип эле куугунтук жей бере турган болсок бардыгыбыз жөө Бишкекке карай жөнөйбүз. Биздин проблемабызды мэрия, губернатор чече албаса президент чечүүгө мажбур болот.
Шаардык мэриянын аппарат башчысы Асылбек Таштанбеков соодагер аялдардын дооматтарын четке какты. Анын айтымында нааразы аялдар «Кавус ата» базарында иш орундары менен камсыз болду:
- Алардын бардыгын кайра өздөрүнө жаккан жерден «Кавус ата» базарынын астындагы жолдун жээгинен эки катар кылып отургуздук. Темир жолдун жээгине отурганга болбойт. Ал жерге отургузсак былтыркы акыбал кайра кайталанат. Ал жерди ылай кылат, жыйналбайт. Былтыр көп эскертүүлөр айтылганга байланыштуу жолду тазалап стоянка кылып атабыз, - деди Асылбек Таштанбеков.