Вашингтондун Польша жана Чехиянын аймактарында ракетадан коргонуу системасын орнотуу планы Орусияга каршы багытталган эмес

Бул тууралуу АКШнын Ракетадан коргоо агенттигинин жетекчиси Генри Оберинг билдирди. Анын айтымында бул системалар Ирандын же ушул сыктуу “каргыш ургур” өлкөлөрдүн ракеталык чабуулун алдын алуу үчүн орнотулат. Кошмо Штаттары мындай системанын онун Польшада, бирөөсүн Чехияда орнотот. Бул эки өлкө АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштады.