17:00 Эртең Акүйдүн алдында дуңгандардын укуктарын коргоого арналган каршылык акциясы болот

Бул тууралуу «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору маалымдады. Акциянын максаты - Кыргызстандагы аз сандуу улуттардын укуктарын коргоо жана Искра айылындагы чатакка байланыштуу дунган улутундагы эки жаранга карата Жогорку соттун чечимине нааразычылык билдирүү болмокчу. (IJz)