Орусиялык прокурорлор журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө чечен полициясынын ыктымал катышын иликтей баштады

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин жетекчилерине бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү маалымдаган. Орусиянын Башкы прокуратурасы бирок, тергөө чечен полициясынан да шектенип жатканынан кабары жоктугун билдирди.