Быйылкы “Оскар” сыйлыгына талапкер тасмалардын тизмеси жарыяланды

Мексикалык режиссер Алехандро Инарритунун “Вавилону” 7 категория боюнча, Британиялык “Ханыша” тасмасы алты категорияда көрсөтүлдү. Оскар сыйлыгы үчүн быйыл режиссерлордон Мартин Скорсезе, Алехандро Инарриту, Клинт Иствуд жана башкалар ат салышмакчы. 79-Оскар аземи 25-февралда Голивудда өтөт.

Венера Жуматаева, Прага