Бейрутта Хэсболлачылардын миңдеген тарапкерлери премьерге каршы митинг өткөрүп жатышат

БЕЙРУТ. Ливандын баш калаасында Хэсболланын миңдеген тарапкерлери премьер Синьорага кысым көрсөтүү максаты менен митинг өткөрүп жатышат. Митингчилер көчөлөрдү тосмолоп, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышат. Көчөлөрдү тосмологонго аракеттенген адамдарга полиция ок атып, бери дегенде беш кишини жарадар кылды. Аэропортко бара турган жол тосмого алынгандыктан, аба каттамдары кийинкиге жалдырылды. Хэсболла кыймылы Синьорадан улуттук биримдик өкмөтүн түзүүнү талап кылып жатат. Кыймыл өкмөттө өнөктөш партиялар менен бирге вето укугуна ээ болууну көздөйт. Ал эми Батышты колдогон Синьора буга каршы.