17:33 Баткен облусу боюнча өткөн жыл ичинде 1441 этникалык кыргыз атуулдук алган

Бул тууралуу 23-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын паспорт жана виза иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Зиябидин Байматов “Азаттыкка” маалым кылды. 2006-жылдагы атуулдук алгандардын 100 пайызы Тажик Республикасынан көчүп келгендер. Мындан сырткары Өзбекстандан жана Тажикстандан облус аймагына көчүп келишкен 274 этникалык кыргыздардын атуулдук алуу үчүн тийиштүү документтери өкмөткө жөнөтүлгөн. (SA)