Ажылык зыяраттан соң Мадина шаарынан Дубай аэропортуна автобус менен келеткан кезде автокырсыкка учурашып, андан каза тапкан 21 кыргызстандык ажынын сөөгү Саударабстанда 10 күндөн бери жерге коюла элек. Каза болгондордун үй-бүлө, тууган-уруктарынын суранычы боюнча алардын сөөгү атактуу Медина же Меке шаарларына алпарылып коюлмак.
Биз Саударабстанда – Хуфуф шаарында дарыланып жаткан кыргызстандык ажыларга жардамдашып жүргөн ажылардын топ башчысы Абдилхамид-ажы Манановго телефон байланышка чыктык. Ал каза болгон кыргызстандык ажылардын сөөгүн жерге берүү туурасында азырынча анык жооп боло электигин, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен келген эки жооптуу кызматкер жана Ош шаарынын казысы Рахматулла Касымов Саударабстандын Королуна да кат жазгандыгын айтты.
Автокырсык Хуфуф шаарына жакын жерде болгон жана жаракат алгандар ошол шаарда дарыланып жатышат. Ал эми каза болгондордун жасаттары Хуфуфта эмес, Дамам шаарында. Хуфуфта 21 жасаат баткыдай чоң морг жок болгондуктан 190 чакырым алыстагы Дамам шаарына алпарылыптыр.
Каза болгон кыргызстандыктардын үйбүлө, тууган-уруктарынын суранычы боюнча алардын сөөктөрү Медина же Меке шаарына коюлууга тийиш.
Абдилхамид-ажы Мананов Саударабстандын мамлекеттик бийлиги жардам бербесе маселе өтө кыйын деп эсептейт:
- 21 адамдын жасатын Дамамдан Медина же Мекеге учак менен гана алпарууга туура келет. Саударабстандын же тиешелүү шаарлардын төбөлдөрү жардам бербесе кыргызстандык өкүлдөр бул чоң милдетти аткара албайт. Дамамдан Мединага чейин 1400 чакырым.
Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин деректири Жолборс Жоробеков кыргызстандык ажылардын сөөктөрү Саударабстанда алигиче көмүлбөй тургандыгынын себебин мындайча түшүндүрдү:
- Мурда деле, быйыл деле ажылык зыяратта жүрүп бирин-экин адамдар каза болбодубу. Жерге коюу маселеси ашып кетсе жарым күндө чечилчү. Ал эми азыр чоң кырсык болгондуктан, көп адам каза тапкандыктан Саударабстан мамлекети изилдей турган иштер көп экен. Бизче айтканда, полиция-милицияларын, МАИлерин териштирип чыкты. 21 жасатты Мадинага же Мекеге алпарып көмүү жөнүндө Кыргызстан тараптан да көптөгөн документтер керек экен. Маселе Саударабстандын Королунун деңгээлинде чечилет экен. Дүйшөмбү күнкү маалымат боюнча, ошо Королдун гана Мединагабы, Мекегеби алпарып көмүү жөнүндөгү чечими калды. Калган иштер толук бүткөрүлдү.
Жолборс Жоробеков бул кечигүү маркумдардын жакындарынын талабы боюнча жасаттарды атактуу Мадина же Мекеге алпарып көмүүгө байланыштуу болуп жаткандыгын да кыйытып өттү.
Саударабстандын айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Саударабстандын ар бир жери ыйык экендигин айтышыптыр. А маркумдардын жакындары Кыргызстанда туруп маркумдардын сөөктөрү атактуу Мединада же Мекеде жерге берилишин суранышыптыр.
Маркумдардын үй-бүлө, тууган-уруктары бүгүнкү күндө сөөктөрдүн жерге берилишин күтүп куран окутуу расмилерин өткөрө албай жатышат. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, ажылык убакыттан умрага чейин Саударабстанга виза алуу өтө кыйын болгондуктан маркумдардын жакындары топурак салганга бара алышканы жок.