Баткендик эки айдоочуга ноябрь айында Исфара райондук ички иштер кызматы тоноочулук, барымтага алуу, опузалоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргыз тараптын айтымында, алар Казакстандан кайткан тажик атуулдарын насыя акчага Бишкектен Тажикстандын Исфара районуна алып баратышкан. Бирок чек арага жеткенде тажик жарандары тажик чек арачыларына туура эмес маалымат берип, алар кыргыз жарандарын милицияга өткөрүп берген.(SM)