Аба ырайы

БИШКЕК. 22-январда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Кар жаабайт. Чыгыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +8...+13 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +5...+10 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус болот.
Нарын аймагында түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...+4 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +10...+12 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Күндүн узактыгы: 9 саат, 34 мүнөт.