Кочкор районунун аймагында болуп өткөн жер титирөөдөн бери бир айга чукул убакыт өттү. Ал эми өкмөттүк комиссиянын чечим чыгарганына бир апта болду. Учурда табигат кырсыгы болгон райондо акыбал кандай?
Кочкор районунда биз болгон айылдарда негизинен калк катмары жаракат кеткен үйлөрдү аныктоонун жыйынтыктарына нааразычылыктарын билдиришти. Кочкор районунун тургуну Сагынбек Жанузаковдун үйү оболу үчүнчү, кийин болсо төртүнчү даражада жарылды деп табылды.
-Мен өз көзүм менен көрдүм үчүнчү даражада турганын. Кайра төртүнчү деп жазып кеткен. Эми негизги комиссиянын жазган барагын таппай жатам. Айыл өкмөттүн мөөрү басылган, төртүнчү даража деген актынын көчүрмөсүн бергиле десем бербей жатышат, - дейт Сагынбек Жанузаков.
Кочкор районунун дагы бир тургуну Акылбек Курманалиев буларды кошумчалады:
-Комиссия келгенде мен жок болчумун. Актыга эмне деп жазганын да билбейм. Жазып кеткен актынын көчүрмөсү да жок, белгисиз.
Исакеев айылында жашаган экинчи топтогу майып Кубанычбек Абышалиев буларды билдирди:
- Комиссия келип сыртынан эле көрүп кетти. Даражасын түшүндүргөн да жок. Эгер түшүндүрүп берсе, акылдашат элек да. Азыр окусак үчүнчү даража дегени бул үйдү шыбап койсо эле болот дегенди түшүндүрөт экен. Бул үйдү шыбап койгонго жатпайт. Кантип жашайбыз, билбейм.
-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келген комиссия үйлөргө жакшы баа берген жок. Мисалы, менин үйүм жети, сегиз жеринен жарылган. Мен үйгө кире электе эле экинчи даражадагы актыны толтуруп коюптур. Мен буга таптакыр макул эмесмин, - дейт Карымшак Мамытов.
Айтор ушундай пикирлер айылдардын баарында эле күч экен. Бирок, район акиминин биринчи орун басары Касен Азизов мындай жүйөөлөргө макул эмес.
- Акты турат, комиссия мүчөлөрүнүн, үйдүн ээсинин колу турат. Мен аларды кайра жогору көтөрүп, же ылдый түшүрүүгө укугум жок. Эгер андай адамдар болсо, Бишкектен атайын көз карандысыз адистерди чакыртышыбыз керек,- дейт Касен Азизов.
Ал эми табигат кырсыгы боюнча түзүлгөн облустук штабдын жетекчиси, губернатордун орун басары Аскат Апсаматов район боюнча жалпысынан 13 268 үй иликтенип, 9 101 үйгө акты жазылгандыгын, 5 үй -бешинчи, 1 121 үй - төртүнчү, 1 402 үй - үчүнчү даражада жарылган деп табылгандыгын билдирди.