Партиянын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча партиялык жыйын 10-февралда Баткенде башталат. Андан ары Ошто, Жалалабатта, Талас, Нарын, Ысыккөлдө, жана Чүй менен Бишкекте болмокчу. Конференция партиянын сандык жана сапаттык жагын жогорулатуу, келерки парламенттик шайлоого даярдык көрүү максатында өткөрүлөт.