ӨЗБЕКСТАНДЫК УКУК КОРГООЧУ НАРГИЗА ТУРДУЕВА КАМАККА АЛЫНДЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуеванын Кыргызстандан баргандан кийин чукул арада камакка алынышы Оштогу бир катар укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу алар эл аралык укук коргоо уюмдарынын атына атайын кайрылуу жолдошту.
Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуева бизге жеткен маалыматтарга караганда саясий куугунтукта болгондуктан 2005-жылдан бери Кыргызстанда баш калкалап жүргөн. Оштогу айрым бир укук коргоочулардын сөзүнө караганда, Өзбекстандагы атайын кызмат органдарынын оозэки кепилдигинен соң Турдуева мекенине кайтып бара жаткан жеринен чегарадан эле камакка алынган.

- Наргиза Турдуева Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегарада кармалып калганын уктук, окудук бул маалыматты. Аны өтө капалануу менен кабыл алдык. Эмне дегенде бул аялдын өзүнүн укуктук, энелик укугуна шек келтирилип калды. Биздин эң жакын коңшулаш өлкөбүздө болуп аткан иштер бизди албетте кандайдыр бир капаланууга, ойлонууга мажбурлайт, - деди “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алима Шарипова.

Ош шаарында баш калкалап жүргөн дагы бир өзбекстандык укук коргоочу Дилбара Коджаеванын айтымында, Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстанга өтүп келген укук коргоочулардын дээрлик бардыгы баргандан соң камакка алына баштады:

- Ал жакта адам укугу деген мыйзам кагазда гана. Бир гана нерсе бул бийликтин эрки. Каалаганын мойсоп жок кылып келе жатат. Өздөрүнө жакпаган нерсенин бары алар үчүн жок болууга тийиш. Бул орто кылым сарпындысы качанкыга чейин жашайт эч ким билбейт.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Наргиза Турдуева Кыргызстандан баргандан кийин кармалган, же болбосо бул жактан баргандан кийин камакка отургузулган он биринчи укук коргоочу болуп саналат.

Жергиликтүү талдоочу Нурбек Алибеков акыркы кадамдары менен өзбек бийлиги күнү бүтүп бара жаткан абалды элестетип жаткандыгын айтты:

- Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуеванын Кыргызстанга келгенден кийин Өзбекстанда расмий бийликтин кысымы тарабынан кармалышы, мен ойлойм, Ислам Каримовдун бүтүндөй дүйнө жүзүнө белгилүү болгон режиминин дагы бир фактысы. Буга көп деле таң калуунун, кыжырдануунун, тынчсыздануунун деле анчалик зарылдыгы жок. Анткени дүйнө коомчулугу билет. Мен ойлойм, бул Ислам Каримовдун режиминин жетер жерине жетип, айласы түгөнүп бара жаткан эң акыркы кадамдары.

Өзбекстандык укук коргоочу Наргиза Турдуевага коюлган айыптоо жана анын андан аркы тагдыры тууралуу бирине бири карама-каршы келген маалыматтардан сырткары азырынча расмий билдирүү жарыялана элек.