13:00 Назарбек Нышанов: «Мени жок жеринен айыпташты»

«Кыргызстан патриоттук партиясынын» башкы катчысы Назарбек Нышановдун ырасташынча, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ага карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашууда. Анын үстүнөн партиянын мүчөлүк төлөмдөрүн өздөштүрүп алды деген арыздар түшүп, жергиликтүү органдар тарабынан суракка алынган. Бирок, Нышанов муну атайын уюштурулган жалган жалаа катары баалоодо. (IJz)