Германиянын канцлери Ангела Меркель шаршембиде Старсбургда чыгып сүйлөп, Евробиримдигинин мындан аркы алчу багытын аныктады. Германия жетекчилик кылган учур ичинде ал уюмдун алдына коюлучу максатын айтып өттү. Ал баарыдан мурда кошуна мамлекеттер менен «акылдуу жана өзүнө тарткыдай» жагдайда болууга жетишүү керек деди. Мына ушундай маанайда орусиялык лидер Владимир Путиндин чакыруусу менен Ангела Меркель 21-январда Орусияга иш сапары менен келген жатат.
Евробиримдикке жетекчилик кылган Германиянын саясий лидери Анжела Меркелдин бул күндөрү Орусияга келе жатышын анализчилер Маскөө үчүн улуу кепке айланган эки маселенин чечилиши менен жорушууда. Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүү жана G-8 катарында кала берүүсүн чечүүдө Берлин көмөк көргөзөт. Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүдө Кремл бийлигине Польша каршы эле. Ага өчөшкөн Орусия ал мамлекеттен эт сатып алууну токтоткон. Ошол себептен Варшава ар бир ай сайын 30 миллион доллардык чыгымга дуушар болуп аткан. Ошол маселеде канцлер Ангела Меркель арачы болмокчу дешет.
Евробиримдикте көч башында турган Германиянын таасири ал уюмга кыйла. Ангела Меркелдин бул жолку келип кетүүсүндө эл аралык саясий маселелер да талкууга алынат экен. Маскөө алакасын суута албай келе жаткан Ирандын атомдук программасы, Ооганстан, Ирак, Түндүк Корей атомдук сыноолору жана Чукулку Чыгыш тирешүүсү бар.
Financicial Times жазганга караганда, Ангела Меркелдин пикрири боюнча: «Эгерде Орусия өзүнүн стратегиялык компанияларына инвестиция кошууга чек койсо, аны эч үрпөңдөбөй, коркпой-этпей кабыл алуу керек».
Европанын энергетикалык кубаты үчүн алынуучу кара май менен газ боюнча коопсуздукту чыңдоо да кеп болот. Орусиялык саясий анализчи Федор Лукьянов жакында Беларус жетекчиси салган чуудан улам Батыш Европалык өлкөлөр чочуп калышты:
«Евробиримдигине кирген мамлекеттер кыйла үрпөңдөп калышты Орусиянын бедели кыйла ылдыйлады. Ошондуктан Путин кантсе да Меркелдин көңүлүн издеп, аны бир жолу болуп өткөн көрүнүш катары көргөзүүгө аракет жасайт».
Батыштан бакандай саясий төбөлү болсо жолго аттанар алдында Орусияда кысымга дуушар болуп аткан басма сөздүн абалын, адам укуктарынын тепсендиде калып атышын айтпай коюуга болбос деген.
Муса Мураталиев, Маскөө