18 – ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1876-жылдын 18-январындагы генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды менен болгон салгылашта кыргыз жана кыпчактардын колу толук талкаланган. Арий расасына кирген калк Ысыккөл жана Чүй өрөөнүндө жашаган тарыхты иликтеген китеп, 1914-жылы Москва шаарында жарык көргөн.
Пишпек шаарында 1892-жылдын бул күнү ишке киришкен К. Купленниковдун жылкы заводу кыска аралыкта империяга атагы чыккан ишканага айланды. Ишкердин жылкылары ат жарыштардан тарта, жылкы көргөзмөлөрүндө алдыңкы орундарды ээлеп, ортоазиялык жылкы күйөрмандардын оозуна алынган.

Император Александр III Москва шаарында орнотула турган эстелик курулушуна акча каражат талап кылынып, ал империянын булуң-бурчтарынан тарта чогултулган. Пишпек уездик бийлиги 1895-жылдын 18-январында Шабдан баатырга телеграмма жөнөткөн. Телеграммада буга чейин кайрымдуулук ирээтинде убада кылынган 100 рублди ылдам салып жиберилиш өтүнүчү айтылат.

Кокон хандыгында башталган көтөрүлүштү басыш үчүн куралган падышалык бийликтин жазалоочу отряды, козголоңчулардын башын бириктирбей жалгыздатып талкалоону чечкен. Кыпчактарды баштаган Абдурахман Афтобачи Анжыян айланасында калып, кыргыздарды жетектеген Исхак Асан уулу Пулат Маргалан тарапта туруп, Анжыян улугу Ишмат Асакеге бекингендиктен алардын ортосунда биримдик болгон эмес. Кыпчактарды баштаган Абдурахман Афтобачи Анжыянда кайра кайтаруу максатында Асаке менен Анжыян шаарынын аралыгына жайгашкан. Генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 1876-жылдын 18-январында Анжыяндан чыгып, Абдурахман Афтобачиге каршы аттанган. Анжыян менен Асаке аралыгында каршылашкан тараптар айыгышкан урушта беттешишип, козголоңчулардын колу толук талкаланган.

Орус илим адамы А. Чайковскийдин арий расасына кирген калк туурасында жүргүзгөн изилдөөсү 1914-жылы Москва шаарында жарык көрүп, бул күндөрү окурмандын колуна тийген. 420 барактык көлөмдө жазылган китепте арий расасына кирген калктын байыркы мекени жана алардын жер которуу маселеси талкууланат. А. Чайковскийдин пикирине ылайык байыркы арийлер Ысыккөл жана Чүй өрөөнүндө жашап, алар адамзат тарыхынын башатында турган. Кийинки тарыхый ургаал окуяларга байланыштуу алар мекенин таштап, жер которууга мажбур болушкан деп эсептейт окумуштуу.


Бул күнү, 1689-жылы айтылуу француз агартуучусу Шарль Луи Монтескье,1882-жылы англис жазуучусу атактуу «Винни-Пух» чыгармасын жараткан Алан Милн жарык дүйнөгө келген.