Кочкордогу жана Баткендеги жер титирөөдөн жабыркаган аймактар боюнча 17-январда Жогорку Кеңештин өзгөчө кырдаалдар, токой чарбалар жана экология боюнча комитети кеңейтилген жыйын өткөрдү. Ага өкмөт мүчөлөрү жана Нарын, Баткен облустарынын губернаторлору катышып, кырсыктан жабыркагандарга берилип жаткан жардам тууралуу маалымат беришти. Айрым депутаттар өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга жакшы көңүл бурбай жатат деп нааразы болушту.
Жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустенбеков жалпы кырдаал боюнча маалымат берди. Андан тышкары билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият министринин милдетин аткаруучулары өз тармактарындагы акыбал менен тааныштырышты. Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулунун айтуусунда жер титирөөдөн Кочкордо 11 мектеп, ал эми Баткенде 19 мектеп жабыркаган:
-Кочкордогу жабыр тарткан он бир мектептин бешөөнү кайра куруу керек. Семизбел айлындагы мектеп балдарды окутууга жарабай калгандыгынан улам, 200 дөн ашуун баланы окутуу үчүн жылуулатылган чатыр сураштырып жатабыз. Анткени мынча баланы машина менен ташып, башка жактан окутууга мүмкүн эмес. Ал эми Баткенде жабыр тарткан мектептердин саны он тогуз. Катыраң айлындагы мектеп таптакыр жарактан чыккан. Балдар айыл өкмөттүн имаратында окуп жатышат.
Парламент депутаттары жер титирөөдөн жабыркагандарга келип жаткан гуманитардык жардамдардын кандай жол менен бөлүштүрүлүп жаткандыгына кызыгышты. Нарын облусунун губернатору бүгүнкү күнгө чейин 450 миң сом гана накталай келгендигин, айрым банк аркылуу которулду делген каражаттар келип түшө электигин кабарлады:
-Мен айтып коеюн, бүгүнкү күндө Кочкордун эебинде 450 миң сом гана турат. Калган акчалар түшө элек. Бишкектин мэри Ногоев барганда мага расмий түрдө үч миллион сом котордук деп эсебин берген эле. Бирок акча эсепке түшө элек. Мындайлар көп.
Губернатор кырсыкка кабылган үй-бүлөлөр үстөксүз насыя акчага муктаж болуп жаткандыгын да айтып кетти. Ал эми Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматы боюнча кырсыктан жабыркагандардын эсебине 174 миң сом акча түшкөн.
Бирок, өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматтары депутаттарды канааттандырган жок. Лейлек округунан шайланган депутат Аскарбек Шадиев өкмөт тарабынан жер титирөөдөн жапа чеккендерге жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат деди:
-Урматтуу министрлер барып келишти. Бирок булардын барганы бийликтен киши келди деген түр көрсөтүү үчүн гана болгондой болуп калды. Анткени, сиздер кырсык болгон жердин өзүндө төрт-беш саат гана болдуңуздар. Калган убакыттын баары жолдо өттү. Көп проблемалуу аймактар кала берди.
Ал эми Кочкордон шайланган депутат Рахатбек Рысалиев райондук мамлекеттик каттоо агенттигинин кызматкерлери жер участогун чийип бергени үчүн акча алып жатышат деген маалыматты айтты.
Рысалиев кыргыз өкмөтү Кант цемент-шыйпыр заводу менен азыртан келишим түзүүгө тийиш деп белгиледи.
Депутаттардын алдына чыгып сүйлөгөн каржы жана экономика министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров цемент менен шифер заводдун баасында кырсык болгон аймактарга жеткирилип берерин айтты. Анын айтымында Лейлектеги таптакыр урап жарабай калган 44, Кочкордогу 5 үйдүн ээлерине ар бирине он беш жылдык мөөнөт менен үстөксүз 200 миң сомдон насыя акча берилмекчи.
Кээ бир депутаттар жер титирөөнүн толкуну жеткен Нарын, Тоң райондоруна да мониторинг жүргүзүү талаптарын коюшту.
Аягында депутаттар өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, зилзала маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна коюу тууралуу чечим кабыл алышты.
Жер титирөө кесепетин иликтеген өкмөттүк комиссия кечээ алгачкы жыйынтыгын чыгарып, жалпы зыянды 235миллион сом деп баалаган.