КАРАКОЛ. Казак ишкерлеринин Токмок сүт заводунун базасындагы ишканасына көлдүктөрдүн сүтүн иштетүү сунушун губернатор Кыдыкбек Исаев кубаттап, айылдарга сүт алуучу жайларды уюштуруп берүүнү колго алды. Макулдашуу боюнча “Вита” фирмасы бир литр сүттү жайкысын 5, кышкысын 7 сомдон жогорку баада сатып алат. Өзүбүздүн заводдор элдин сүтүн он жылдан бери 3-5 гана сомдон сатып алып аткан учурда казак ишкерлер менен иштөө рентабелдүү деген губернатор, эми малдын асылдуулугун арттыруу негизги милдет болоорун белгиледи. Ал эми адистер болсо казак ишкерлеринин мындай кадамы көлдөгү заводдордун атаандаштыгын күчөтүп, сүттүн наркы көтөрүлөөрүн айтышууда.(RN)