Бул тууралуу кечээ орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Косоволук албандар эгемендүү мамлекет курууну каалашат. Косоводогу БУУнун өкүлү Мартти Ахтизаари Сербиянын Косово провинциясында Евробиримдиктин көзөмөл алдындагы көз карандысыз мамлекет түзүүнү сунуш кылган. Мындай сунуштун келечеги БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ болгон Орусиядан көз каранды.