7:10 Учурунда сапатсыз имараттардын курулушуна жол бергендер азыр бар болсо жоопко тартылат

Бул тууралуу жер титирөөнүн зыяндарын иликтеген өкмөттүк комиссиянын кечээки жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов билдирди. Ага кийинки 20 жыл аралыгында курулган имараттар сапатсыздыгынан улам 6-7 баллдык жер титирөөгө туруштук бербей калышы себеп болууда. Маселен Лейлектеги зилзаладан жараксыз абалга келген мектептин үчөө 1987-жылы курулган. Айдаркендеги жаңы деп саналган оорукананын да шыбынан жарака кеткен. (SM)