БЕРЛИНДЕ СОВЕТТИК ЛАГЕРЛЕРДЕ ӨЛГӨНДӨРДҮН ТИЗМЕСИ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Берлиндеги музейде алгачкы ирет коомчулук Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзунун Германиядагы лагерлеринде өлгөн 43 миңдей кишинин ысымдары менен тааныша алат. Германиядагы Кызыл чырым коому бул тизме менен 15 жылдан бери тааныш болгону менен, катардагы германиялыктар ал тизмеден алгачкы ирет өз тууган-жакындарын издөөгө мүмкүндүк алышты.
Берлин дубалы музейинин директору Александра Хилдебрант Кызыл чырым коомунда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиядагы советтик лагерлерде өлгөн 43 миңдей адамдын тизмеси бар экенин өткөн айда гана угуп билген. Орусиянын бийликтери бул тизмени Кызыл чырым коомуна 1992-жылы өткөрүп берген экен. Атайын уруксат алган соң, Хилдербрант айым канчалаган жылдардан бери жакын туугандарынын дайынын таппай жүргөн мекендештерине жардам көрсөтүүнү чечкен.

- Адамдардын туугандарын табуусуна жардам көрсөтүү – баарыбыздын милдетибиз эмеспи, - дейт ал ачылышка арналга аземдеги сөзүндө.

Германия өкмөтү 1945-50-жылдары советтик лагерлерде өлгөн туткундардын саны 65 миңге чамалаш деген маалымат тараткан. Тарыхчылар бардыгы андай түрмө-лагерлерде 180 миңдей киши кармалган деген пикирде. Алардын көбү немецтер, ошондой эле Москвалык чалгынчылар фашисттер менен байланышта болгон деп шектенген Советтер Союзунун жана Чыгыш Европанын жарандары болгон. Берлин дубалы музейинин директору Хилдебрандт айым бул музейди түптөгөн анын күйөөсү, маркум доктор Раньер Хилдебрандт изилдеп отуруп, советтик лагерлерде жок болгон 100 миңдей саясий туткундун ысымын топтогонун айтат.

- Менимче, ал лагерлерде өлгөн кишилердин саны 43 миңден кыйла көп. Менин күйөөмдүн баамында, андайлардын саны 96 миң кишиге жакын. Анан эмне үчүн Орусиянын бийликтери Кызыл чырым коомуна болгону 43 миң кишинин ысымын берди? Түшүнүксүз, биз үчүн бул чоң суроо. Ага жооп тапканга аракет кылабыз.

16-январь күнү Берлиндеги музейде ачылган көргөзмөдө ошентип, коомчулукка алты чоң китепке жазылган советтик лагерлерде ажал тапкан маркумдардын ысымдары сунуш кылынды. Алфавит боюнча тизмеленген аттардын айрымдары бурмаланып жазылышы ыктымал, - дейт Хилдебрандт айым.

- Бул тизмеде ар башка өлкөлөрдүн, Германия, Орусия, Украина, Беларус, Польша, Мажарстан, Австрия жана башкалардын жарандары бар. Алардын ысымдары советтик лагерде орусча жазылып, кийин 1992-жылы орустар Кызыл чырым коомуна өткөрүп бергенде, кайра немецчеге которулган. Канчалык өзгөрүп калышы мүмкүн экенин элестетүү оңой эле.

Бирок ал тизмедеги ар бир адамдын ысымынын жанына туулган жылы, күнү, айы, эмнеден өлгөнү, кайсыл лагерде кармалганы да жазылган. Өкүнүчтүүсү, Германиядагы советтик лагерлерде өлгөн он миңдеген адамдардын ысымдарын интернетте жайгаштыруу планы азырынча айтылган жок.