Чукул кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчиевдин “Азаттыкка” билдирген маалыматына караганда, өлкө аймагындагы жер титирөө 195 млн. 800 миң сомдук зыян алып келген. Анын ичинен зилзаланын кесепетинен Нарын облусунун Кочкор району 89 млн. Ысыккөл, Тоң райондору менен Балыкчы шаары 14 млн. Баткен облусу 92,5 млн. сомдук зыян тарткан. (AJ)