Антирасистик кыймылдын активдүү мүчөсү Иван Елин оор абалда оорукканада жатат
Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарынын милиция кызматкерлери билдирди. 21-жаштагы Иван Елинди жекшемби күнү белгисиз адамдар сабап кеткен. “Антифа” кыймылынын мүчөсү Елин Орусиянын баш калаасында улутчулдукка каршы акцияларга катышып келген.