Нарын АЙЫП, Прага 16-январда Вашингтондо вице-президент Дик Чейнинин мурдагы жардамчысына каршы сот башталды. Мынчалык жогорку кызматкер АКШда акыркы 130 жылда кылмыш иши боюнча өткөн эмес.
Соттолуп жаткан адам - вице-президенттин администрациясынын бир кездеги башчысы Люис Либби, Америкада ал "Скутер" деген ат менен дагы белгилүү. Либби - тергөөчүлөргө жана жюриге жооп берип жатканда ант алдында калп айткан деп күнөөлөнүүдө жана эгер анын күнөөсү аныкталса, ал 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мынчалык жогорку кызматкер АКШда акыркы 130 жылда кылмыш иши боюнча өткөн эмес.
Сотко вице-президент Дик Чейни өзү дагы күбө катары чакырылат деп күтүлүүдө. Бийликте отурган вице-президент Америкада мурда сотко эч качан чакырылган эмес.
Иракка каршы согуш башталаар алдында, Африканын Нигер мамлекетинен Багдад байытылган уран сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат жеген сөздөр чыккан жана аны АКШ менен Британия жетекчилери - Ирак өзөктүк куралга ээ болууга аракеттенип жатканынын белгиси катары баалап, аны согуш баштоо себептеринин бири катары пайдаланган.
2002-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Нигерге атайын изилдөө тобун жиберген, алардын арасында Американын Нигердеги бир кездеги элчиси Жозеф Вильсон да болгон. Алар отчет жазып өкмөткө тапшырган жана согуш 2003-жылдын мартында башталгандан кийин, июлда Вилсон атайын макала жазып, анын отчетунда келтирилген маалыматтарды өкмөт бурмалаганы жөнүндө билдирген. Алар Ирак менен Нигер ортосунда өзөктүк зат сатып алуу боюнча эч кандай байланыш тапкан эмес, бирок президент Жорж Буштун өкмөтү аны элден жашырып, Багдад өзөктүк куралга ээ болсо, ал бүткүл дүйнөгө коркунуч түзөт деп согуш баштаган деп билдирген элчи.
Андан бир апта өтпөй, Роберт Новак деген журналист - элчи Вилсонду Нигерге анын жубайы Валери Плейм жиберген, анткени ал Борбордук чалгындоо агенттигинин жашыруун агенти деп жазып чыккан. Жашыруун агенттердин ысмын жарыялоо АКШда кылмыш болуп эсептелинет жана элчи Вилсон өкмөт кызматкерлерин - ал президентти сынга алганы үчүн атайылап анын жубайынын ысмын атап салышты деп чыккан.
Кылмыш иши ачылгандан кийин тергөөчүлөр ар башка кызматкерлерди сурап, жашыруун агенттин ысмын журналисттерге ким бергенин аныктай баштаганда, Люис Либби андай маалыматты ал журналисттердин өздөрүнөн биринчи уканмын деп билдирген. Сот жюриси алдында да ал ошентип жооп берген, бирок кийин ал калп болуп чыкты. Былтыр Либби кызматынан чегинген.
Тергөө жүргүзгөн прокурор Патрик Фицжераллдын айтымында, Либби күнөөлүү: "Либби мырзанын окуясы - ал бир журналисттен башка журналистке өткөн маалыматты уккан акыркы адам болгону жөнүндөгү окуя калп болуп чыгууда. Өкмөттөн сыртка тараган андай маалыматтын башында ал өзү турган жана кийин ал жөнүндө ант алдында кайталап калп айткан", - дейт прокурор.
Журналисттерге ал агент жөнүндөгү маалыматты байкоосуздан мен бергенмин деп мамлекеттик катчынын ал кездеги орун басары Ричард Эрмитиж билдирген, бирок ага каршы кылмыш иши ачылган жок.