Балтика деңизинде болуп жаткан бороондон сандаган шаар- кыштактар электроэнергиясыз калды

КАЛИНИНГРАД. Бүгүн Россиянын Калинград областында жана Латвия менен Литванын бир катар райондорунда болгон бороон-чапкындан миңдеген адамдар электр жарыксыз калышты. Калининград областында 32 шаар- кыштак жарыксыз калды. Балтика деңиңинде бороон болуп жатканына байланыштуу, Латвияда порттордун баары жабылып калды. Ригада бир нече көчөнү суу каптады.

Баян Жумакадыр кызы, Прага