16:45 Т. Акун: Жумгал районунда да жер титирөөдөн жабыр тарткандар бар

Кочкор районундагы табийгат кырсыктарынын кесепеттерин жоюу экинчи планга калтырылып, жергиликтүү бийлик гуманитардык-материалдык жардам бөлүштүрүү менен алек болууда, деп билдирди президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун. Анын айтымында, Жумгал районунда да жер титирөөдөн жүздөн ашуун үй жабыр тартыптыр. Ал жакка өкүмөт тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлө элек.