Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев өткөн жылы 30-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өкмөт мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу боюнча президент тарабынан премьер-министр дайындалган күндөн тартып он төрт жумушчу күндөн кечиктирбестен дайындайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.