Мындай маалыматты “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында президент 2006-жылдын 30-декабрында кабыл алынган конституциянын жаңы редакциясына кол койсо, өлкөдөгү саясий кырдаал абдан курчуп кетиши ыктымал. 11-январда Коопсуздук кеңеши жыйын өткөрүп, президентке конституциянын жаңы редакциясына кол коюуну сунуштаган. (IJz)